09 август 2025

Кароолор: 16

ЖЕР МУНАПЫСЫ БИР ЖОЛКУ АКЦИЯ. АНДЫКТАН ҮЛГҮРҮП КАЛЫҢЫЗ!

Урматтуу Нарын облусунун тургундары!

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2025-жылдын 1-августундагы №27-19151 сандуу каты менен берилген тапшырмаларга ылайык, жер мунапысына байланыштуу мыйзам бузуулар катуу көзөмөлгө алынат.

Укук колдонуу практикасында келип чыккан маселелерди чечүү, ошондой эле мындан ары мыйзамсыз жер басып алууларды жана өзүм билемдик менен турак жай курууну болтурбоо багытындагы иштер күчөтүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ырааттуу көзөмөл жүргүзүлөт.

Жерге мунапыс күчүнө киргенден кийин, 2022-жылдан баштап өз алдынча курулган мыйзамсыз курулуштар бузулат, ал эми жер тилкелери белгиленген максаттуу багытына ылайык келтирилет.

Эскерте кетүүчү жагдай: жер мунапысы — бир жолку акция. Аталган иш-чараны жыйынтыктоо жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү максатында бардык жарандардан мыйзамды сактоону жана мыйзамдуу кадамдарды өз убагында аткарууну суранабыз.

Жер мунапысынын объектилери болуп эсептелеген объектилерге менчик укуктарын бекитүү иштери улантылат.

Бүгүнкү күнү облус боюнча жалпы 11347 арыз кабыл алынып, Жобого ылайык 4973 мамлекеттик акт тапшырылып, 1317,17 га жер тилкеси трансформацияланган.