14 май 2025
Кароолор: 48
ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КЕСЕПЕТИНЕН ЖАБЫРКАГАН ТУРАК ЖАЙЛАР АНЫКТАЛУУДА

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жарандык коргонуу комиссиясы менен Ак-Талаа районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жарака кеткен турак жайларды кыдырып, абалын көрдү.
2025-жылдын 13-май күнү тартылган райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жалпы Ак-Талаа району боюнча 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткенин аныктаган.
Тоголок-Молдо айыл аймагы боюнча:
1.Көк-Жар айылында 36 турак үй;
2.Жаңы-Талап айылында 28 турак үй, 1 маданият үйү;
3.Ак-Кыя айылында 21 турак үй, 1 мектеп;
4.Кадыраалы айылында 7 турак үй, 1 мектеп, 1 дүкөн;
5.Кара-Ой айылында 7 турак үй, 1 мектеп
Аныкталган турак жайлардын ичинен 46 турак үй камсыздандырылган, ал эми 53 турак үй камсыздандырылган эмес экендиги такталды.
Облус башчысы А.Эргешов турак жайлардын ээлери менен сүйлөшүп, учурдагы абалы боюнча маалымат алды. Жабыр тарткан турак жай ээлерине мыйзам чегинде кандай көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин карап чыгууну тийиштүү мекеме жетекчилерине тапшырды.
14-майда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан аныктоо иштери улантылат.
Эске салсак, КР Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык 2025-жылдын 12-майында саат 7.33 республиканын аймагында очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Ал эми ошол эле күнү саат 12:38де күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 балл, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы, жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Нарын районунун Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак жана Жумгал районунун Миң-Куш айылдарында 3,5 балл, Нарын районунун Эмгек-Талаа, Достук, Жан-Булак, Жергетал жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга (Жаңы-Талап айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Ак-Кыя айылынан 9 чакырым түндүк чыгышта, Баетов айылынан 28 чакырым түндүк батышта, Нарын шаары 88 чакырым түндүк батышта) чейин сезилгенин ӨКМ билдирди.