09 январь 2025

Кароолор: 19

Жол каттамы ачык

2025-жылдын 9-январында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел, Ак-Бейит, Туз-Бел жана Арка ашууларында күзөт уюштурулуп, жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тазалоо иштерин алып барууда.

Долон, Кызыл-Бел ашуусунда №41 жол тейлөө ишканасынын (ЖТИ) 13 жумушчусу жана 4 атайын техникасы иш жүргүзүүдө. Ал эми Ак-Бейит, Туз-Бел жана Аркада №957 ЖТИнин 9 жумушчусу жана 4 атайын техникасы иштеп жатат.

Жол каттамын бөгөттөгөн эч кандай тоскоолдуктар жок. Транспорт үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлөт. Айдоочуларды жолдо этият болууга чакырабыз.