12 февраль 2025

Кароолор: 48

Жол коопсуздугун камсыздоо, автоунаа кырсыктарын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 12-февралында, Нарын облусунун аймагында жол коопсуздугун камсыздоо, автоунаа кырсыктарын алдын алуу боюнча жыйын өттү. 

Жыйынга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Чукуев, Нарын облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Курстанбек Омурзаков, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Чалыбаев, тийиштүү облустук мекеме жетекчилери, район жетекчилери катышты.

 Ж.Чукуев жыйынды ачып, облустун аймагында жол коопсуздугун алдын алууга багытталган иш-чараларга карабастан, автоунаа кырсыктары катталып, 2023-жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынан каза болгон адамдардын саны 14 учурга көп катталганын маалымдады. Бул маселени талкуулоо үчүн облус жетекчиси тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Ат-Башы РИИБ боюнча Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн башчысы Болот Жунушбаев жыл ичинде катталган жол кырсыктары боюнча маалымат берди. 2024-жылы Нарын облусунун аймагындагы жергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги жолдордо 186 жол транспорт кырсыгы катталса, анда жаракат алгандар 303 адам, каза болгондордун саны - 50. Талдоо жүргүзгөндө жол кырсыгына бир канча факторлор таасир берерин белгилеп, адамдардын унаа башкаруусу, автоунаанын техникалык абалына жана аба-ырайынын, жолдун сапатына байланыштуу болорун кошумчалады.

Нарын облусунун аймагында жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго дислокация боюнча жалпы 5334 жол белгилери жайгаштырылыш керек болсо, учурда 3384 жол белгилери бар, 1901 жол белгилери жетишпейт. Бүгүнкү күндө жалпы 47 авариялык кооптуу участок каттого алынып, жол тейлөө мекемелери тарабынан калыбына келтирүү иштери толук аткарылган эмес.

Жыйын катышуучулары жол тейлөө ишканасынын, Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин маалыматын угуп, талкуу жүрдү. Берилген тапшырмалар толук аткарылбай жатканы белгиленип, кемчиликтерди жоюу боюнча көзөмөлгө алынары айтылды.