02 июль 2025
Кароолор: 17
ЖОЛ КУРУЛУШ КҮНДӨ КӨЗӨМӨЛДӨ

Бүгүн, 2025-жылдын 2-июлунда, жол курулушун көзөмөлдөө боюнча штабдык отурум болду. Штаб төрагасы Адыл Сапаров Нарын шаарынын Шералиев, Ленин көчөлөрүнүн жана, Нарын-Баетов унаажолундагы 8-13 км (Ак-Кыя участогу) жана 84-120 км участоктордо жүруп жаткан иштер тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, жетекчилер арасында талкуу жүрдү.
Жыйынга Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талант Солтобаев катышты.
Ар бир күнү өтүп жаткан штабдык отурумда канчалык көлөмдө жумуштар аткарылып жатканы, курулушту коштоп жүрүүчү көйгөйлөр, кошумча тартылган техникалар, жумушчулар, курулуш учурунда жаралган маселелерди тез арада чечүү тапшырмалар берилди.
Министрдин биринчи орун басары Т.Солтобаев техникалык маселелерди өз учурунда чечүү мүмкүн экенин белгилеп, иштеп жаткан компаниялардын жетекчилерине жана жол курулуш башкармалыктарынын жетекчилерине иш ыргагы, күнүмдүк графиктери, көлөмүн пландоо боюнча тапшырмаларын берди.
Мындан сырткары, Улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облустук башкармалыгы жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгы УКМК төрагасы К.К. Ташиевдин тапшырмасына ылайык юридикалык баа берүү үчүн күнүнө жол курулушун көзөмөлгө алууда.