30 июнь 2025

Кароолор: 159

ЖОЛ КУРУЛУШУНА БАРДЫК ТАРАПТАН КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Бүгүн, 2025-жылдын 30-июнунда, Президенттин Нарын  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын шаарынын Ленин жана Ж.Шералиев атындагы көчөлөрүнүн курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өттү. Жыйынга шаар башчысы, жол ишканасынын, жол куруучу компаниянын, укук коргоо органдарынын, Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчилери, долбоорлоо институтунун жана башка тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү  катышты.

Облус башчысы шаар жолунун курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана “Бета групп”курулуш компаниясы эмне себептен курулушту кечеңдетип жатканын себептерин жооптуу кызматкерлерден сурады. Жол курулушун жүргүзгөн компаниясынын иш көлөмүн аткаруудагы мүчүлүштүктөрү, курулушка тартылган техниканын саны, жумушчулардын санын тактады. Убакыт тар экенин белгилеп,  жергиликтүү бийлик менен биргеликте, жумушчулардын, техниканын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү кароо тапшырмасын берди. Ар бир кызматтан ачык-айкын маалымат берип, маселени чогуу чечүүгө чакырды.

Н.Сатаров эл тарабынан айтылып жаткан сындар биресе туура экенин белгилеп, көзөмөл бардык тараптан жүргүзүлөрүн эскертти. 

Эске салсак, 2025-жылы Нарын шаарынын негизги Ленин көчөсүнүн 9,5 км курулушу сентябрь айында, ал эми 2,3 км Ж.Шералиев көчөсүнүн курулушун тездетип 10-августта бүткөрүү сунушталган.