01 апрель 2024

Кароолор: 10

Жол кырсыктары - бейажал өлүмдөрдүн себепкери

1-апрелде КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен облустагы жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары Адыл Сапаров, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Жоробеков, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын, Камсыздандыруу уюмунун, “Унаа”, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканаларынын, жол тейлөө, “Нарынавтовокзалы”, “Таза Нарын” ишканаларынын, троллейбус ДЭПОсунун, Нарын шаарындагы бардык унаа мектептеринин жетекчилери катышты.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы М.Чалыбаевдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3 айында облустун аймагында 41 жол унаа кырсыктары катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 16 учурга көбөйүп, анын кесепетинен 8 адам өмүрү кыйылган. Жол кырсыгынан каза болгондордун бирөө жаш бала болгон.

Жыйында жол кырсыктарынын ар түрдүү себептерине анализ жасалып, көйгөйлүү маселелер талкууланды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Жоробеков 3 айдын ичинде 8 адам өмүрү кыйылганы 8 үй-бүлөнүн трагедиясы экенин белгилеп, айдоочуларды даярдоодо, жол эрежелерин үйрөтүүдө дагы маселелер бар экенин, унаа мектептеринин сабак берүү методикасын, мугалимдердин кесиптик деңгээлин кароо зарылдыгын айтты.

Ошондой эле унаа жолдорунун абалын жакшыртуу, жол белгилери менен толук камсыздоо, жол коопсуздук кызматкерлеринин штаттык бирдигин көбөйтүп, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, алдын алуу чараларын күчөтүү маселелери көтөрүлдү. Эл ташыган менчик унаалардын жоопкерчилигин кароо, майрамдарда жол кире акысын себепсиз көтөрүп жиберген айдоочуларга чара көрүү маселелери да каралды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.