12 июль 2024

Кароолор: 231

ЖРТнын жыйынтыгы менен Нарын облусу республикада үчүнчү орунду камсыздады

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Нарын облусунан “Алтын сертификатка” төрт бүтүрүүчү татыктуу болду. Тестирлөөгө катышкан 3395 бүтүрүүчүнүн 68,4 пайызы 110 баллдан жогорку упай топтоп, Нарын облусу Бишкек шаарынан жана Талас облусунан кийинки үчүнчү орунду камсыздады.

Эске салсак, 2022-жылы ЖРТга катышкан бүтүрүүчүлөрдүн 52,2 пайызы, 2023-жылы 53,1 пайызы гана босого упайын топтой алышкан.

Ушундан улам, Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун тапшырмасы менен облустун орто мектептериндеги билим сапатын көтөрүүгө болгон аракеттер жумшалып, атайын окуу курстары уюштурулуп, мугалимдерге, окуучуларга өз-өзүнчө окутуулар жүргүзүлгөн.

Натыйжада, ЖРТнын жыйынтыгы менен Ак-Талаа району 70,9%, Ат-Башы району 70,9%, Нарын шаары 68,4%, Жумгал району 63,9%, Кочкор району 64,3 пайыз, Нарын району 75,6% көрсөткүч берди.

“Алтын сертификатка” Нарын шаарындагы М.Субагожоев атындагы мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү Айдарбеков Рамазан 231, Сулаев Арзыбек 227, Жаркынбаев Жамбол 225 упай менен, ошондой эле Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Дөөлөтбекова Айканыш 229 упай менен татыктуу болушту.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Алтын сертификат» ээлерине жана жогорку балл алгандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин мактоо грамоталарын жана эстелик белектерин тапшырды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.