15 июль 2025
Кароолор: 12
ЖУМГАЛ: ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ А. ИМАНАЛИЕВА БАЙЗАК АЙЫЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева иш сапары менен Жумгал районунда болду. Иш сапардын жүрүшүндө мектеп, бала бакчалардын курулушу, жаңы окуу жылга даярдыктар боюнча таанышты.
Байзак айылындагы 2023-жылы башталган 120 орундуу бала бакчанын курулушун жеринде көрдү. Бул бала бакча быйыл сентябрда окуу жылынын башында ишке берүү пландалууда.
А.Иманалиева куруучуларга сапаттуу кылып, ишти тездетип бүтүрүп берүүнү суранды. Бала бакчаны “Бакай” курулуш компаниясы куруп жатат.