14 апрель 2026

Кароолор: 11

ЖУМГАЛ РАЙОНУНУН БОРБОРУ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ

14-апрель күнү ыйгарым укуктуу өкүл Жумгал районуна иш сапары менен барып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча негизги багыттарды талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президенттин колдоосу менен курулуучу калкты тейлөө борборунун, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу максатында атайын техникаларды алуу боюнча маселелер каралды.

Мындан сырткары, Чаек айылынын борбордук бөлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, негизги көчөнү оңдоо, аймакты иретке келтирүү жана борбордук аянт куруу боюнча тапшырмалар берилди.