13 июнь 2025
Кароолор: 10
ЖУМГАЛ РАЙОНУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жумгал районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга облустук, райондук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө облус жана район боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, андан соң элдин көйгөйлүү суроолоруна жооп берилди.
Жообунда төмөнкү негизги багыттар боюнча түшүндүрмө берилди:
1. Жол жана инфраструктура боюнча:
- Миң-Куш айыл аймагына караштуу Сары-Булуң жолунун 12 чакырымы жакын арада курулушу башталат.
- Дыйкан – Кара-Кече жолунун 3 чакырымы республикалык бюджетке киргизилип, курулуш иштери жүрүп жатат.
- Түндүк -Түштүк альтернативалык жолдогу тар жана кооптуу делген жерлер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш берилет.
2. Суу жана ирригация боюнча:
Жумгал районунда 4 БСРдин курулушу жүрүп жатат. Аны менен суу жетпеген айдоо талааларына суу жеткирүү иштери кыйла жеңилдейт.
Андан тышкары, каналдарды реконструкциялоо, БСРлерди оңдоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Суу сактагычтарды баланска алуу боюнча иштер 2025-жылдын октябрына чейин аяктайт.
3. Социалдык маселелер боюнча:
Майыптарга жер берүү мыйзам чегинде каралат; турак-жайларды ипотекалык жол менен алуу жана социалдык программалар сунушталат.
Дарыгер жана мугалим жетишсиздиги кадрдык саясат аркылуу чечилет.
Ооруканаларды куруу азырынча мүмкүн эмес болгондуктан, райондук ооруканаларды капиталдык оңдоодон өткөрүү каралууда.
4. Маданият тармагы боюнча:
Чаек айылындагы театрдын имаратын жаңыртуу боюнча долбоор даяр, бирок экспертизадан өтпөй токтоп калган. Долбоор кайра каралууда.
5. Айыл чарба жана кайра иштетүү боюнча:
Былтыр акча каражаты жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачууга бөлүнүп берилген. Ага жүндү кайра иштетүүчү жабдуулар алынган, айыл өкмөтү ишти баштабаса жоопкерчилиги каралат.
6. Көмүр жана экономикалык суроолор боюнча:
Көмүрдү арзандатып же бекер берүү мүмкүн эмес; бирок райондун алган каражаттары элдин турмушун жакшыртууга багытталган.
А.Эргешов бардык маселелерди мыйзам, мүмкүнчүлүк жана мамлекеттик ресурстардын алкагында чечүү керектигин белгилеп, ачык-айкын маалымат берүүгө даяр экендигин билдирди.
Ал эми мамлекеттик мекемелердин аткарып жаткан иштерин калкка кеңири маалымдоо үчүн акимчиликтин алдына LED-экран орнотуп маалымат берип турууну район башчысына тапшырды.