20 март 2025

Кароолор: 28

ЖУМГАЛДА БАЛДАР ИСКУССТВО МЕКТЕБИНИН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШЫ ПРЕЗИДЕНТТИН ОНЛАЙН КАТЫШУУСУНДА ӨТТҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 20-мартында, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда бир  нече объектилердин ачылышы өттү. Алардын катарында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында жайгашкан Чынара Дүйшеева атындагы балдар искусство мектеби болду.

Салтанатка КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Жумгал районунун акими Адыбек Набиев, айыл аксакалдары, тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Аталган мектеп 1969-жылы Чаек балдар музыкалык мектеби болуп уюштурулган.  Учурдун талабына ылайык имаратка муктаждык жаралгандыгы үчүн жаңы мектептин курулушу 2018-жылдан баштап жүргүзүлгөн. 

Ч.Дүйшеева балдар искусство мектебинде учурда  172 окуучу 14 кесиптик (фортепиано, аккордеон, баян, гитара, кыл кыяк, комуз, лектор, вокал, чоор, фолклор,) класста билим алууда. Аларга 18 мугалим сабак берет. Окуучулар  райондук, облустук, республикалык жана эл аралык конкурстарга катышып, байгелүү орундарды камсыздап келишет.