20 июль 2025

Кароолор: 9

ЖУМГАЛДА ЭЛ АРАЛЫК “GALLOPS КЫРГЫЗСТАН-2025” ТУРИСТТИК МАДАНИЙ ДОЛБООРУНУН РАСМИЙ АЧЫЛЫШЫ БОЛУП ӨТТҮ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаровдун катышуусунда эл аралык “Gallops Кыргызстан-2025" туристтик маданий долбоорунун расмий ачылышы кечээ, 20-июлда болуп өттү.

Анын алкагында атайын тур уюштурулуп, алгач элиталык спорттун түрү катары эсептелинген "Поло" оюну боюнча көрсөтмөлүү оюн көрсөтүлдү.

Андан соң, келген меймандар менен биргеликте түндүк көтөрүү салты көрсөтүлүп, мааниси: “Бир түндүктүн алдында ынтымактуу бололу!”-дегенди түшүндүрөрүн, кыргыз эли ушул маани-маңызды бекем тутушаарын даңаза кылышты.

Маалымат үчүн айтып өтсөк, “Gallops” долбоору буга чейин Оман, Марокко, Индия, Иордания сыяктуу мамлекеттерде өтүп, дүйнөлүк спортто жана маданий коомчулукта чоң кызыгууну жараткан.