19 июль 2025

Кароолор: 8

ЖУМГАЛДА GALLOPS-2025 ЭЛ АРАЛЫК ИШ-ЧАРАСЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 19-июлда GALLOPS-2025 эл аралык иш-чарасына чет элден келген коноктор алгач Кызарт айылына келишти. Жергиликтүү уюштуруучулар конокторду тозуп алышты. Иш-чарага дубан башчынын орун басары, район жетекчилиги ж,б маданият, туризм өкүлдөрү катышууда. Иш-чара Кыргызстандагы эң кооз аймактардын бири болгон Соң-Көл жайлоосунда өтөт. Бул долбоор Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана анын алкагында катышуучулар Жумгал районунун Кызарт айылынан баштап Соң-Көлдү айланып, 5 күн ичинде 200 чакырымдан ашык аралыктын ат менен бастырып өтүшөт.

GALLOPS — бул дүйнөнүн ар тарабынан келген чабандестер үчүн командалык багыт алуу, чыдамкайлык жана жаратылыш менен бирдиктеги турмушту камтыган уникалдуу атчан жарыш. Аталган иш-чара "Париж–Дакар" сыяктуу атактуу жарыштын концепциясына негизделген.

2025-жылдагы GALLOPS долбооруна 15тен ашуун мамлекеттен келген 100гө жакын чабандес катышат. Алардын катарында дүйнөгө таанымал инсандар, кино жылдыздары, атактуу адамдар жана падышалык үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү да болушу күтүлүүдө. Бул иш-чара дүйнөлүк медиа каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири чагылдырылары болжолдонууда.