27 январь 2025
Кароолор: 38
Жумгалда хоккей боюнча райондун XIII республикалык ачык кубогу өттү

2025-жылдын 25-26-январында Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында Жумгал районунун XIII республикалык ачык кубогу өттү.
Мелдешке 7 команда катышты. Атай кетсек, Ысык-Көл облусунан 2 команда -"Долон" жана "Ысык-Көл", Жумгал районунан 4 команда - "Жумгал-Шортон", "Байзак -Дордо", "Барчын", "Байзак баатыр", Нарын шаарынан "Нарын шумкарлары" командасы.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын облустук хоккей федерациясынын президенти Алтынбек Эргешов, Кыргыз Эл артисти, профессор Муратбек Бегалиев, Жумгал хоккей федерациясынын президенти Урматбек Мамырканов, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков, КР ЖК вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин атынан кеңешчиси Кубатбек уулу Нарынбек, Жумгал районунун акими Алыбек Набиев, облустук, райондук мекеме жетекчилери, жергиликтүү тургундар оюнга күбө болушту.
Финалдык беттеште биринчи орун үчүн "Нарын шумкарлары" командасы жана "Жумгал-Шортон" командасы ат салышты.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бүйүр кызыткан оюн көрсөтүшкөндүгү үчүн командаларга ыраазычылык билдирип, келечекте хоккей оюну боюнча нарындык оюнчулар дүйнөлүк таймаштарга өлкөнүн намысын коргоп келерине ишеничи бар экенин билдирди. Ошондой эле, ушул жылдын февраль айында облус жетекчисинин хоккей боюнча Кубогу өткөрүлөөрүн маалымдады. Оюнчуларга ийгиликтерди каалап, байге фондуна акча каражатын тапшырды.
Андан соң коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, байге фондуна акча каражатын беришти.
Жалпы байге фонду сыйлыктарга жана уюштуруу иштерине 300 миң сомду түздү.
Оюндун жыйынтыгында дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды:
1- орунду камсыздаган "Нарын шумкарлары" (Нарын шаары) командасына Кубок жана 70 миң сом;
2-орун - "Жумгал-Шортон" (Чаек айылы) командасына 45 миң сом;
3-орун - "Миң-Куш" (Миң-Куш айылы) командасына 30 миң сом;
4-орун "Байзак баатыр" (Байзак айылы) командасына 20 миң сом.
Мындан сырткары, "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу", "Мыкты оюнчу", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты калыс", "Мыкты бомбардир" номинациялары боюнча диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.