07 январь 2026
Кароолор: 19
ЖУМГАЛДА МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНА ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Ыйгарым укуктуу өкүл 7-январь күнү Жумгал районуна иш сапары менен барды. Анын алкагында алгач Байзак айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган зым тор токуучу ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкананын учурдагы абалы, өндүрүш көлөмү жана жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу маселелери боюнча маалымат алды.
Андан соң Чаек айылындагы М. Алыбаев атындагы жалпы билим берүү мектебине барып, республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана окуу шарттарын заманбап талаптарга ылайык жазоо маселелери талкууланды.
Облус башчысы райондук ооруканага да барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык камсыздалышы жана кадр маселелери менен таанышып, дарыгерлердин жана кызматкерлердин көтөргөн көйгөйлөрүн укту.