15 июль 2025
Кароолор: 8
ЖУМГАЛДА ЖҮНДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОД ИШКЕ КИРЕТ

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Торобаев Бакыт Эргешевичтин тапшырмасы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Руслан Сапарбеков Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында жүндү кайра иштетүүчү ишкананын бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштери менен таанышып, тездетүүнү тапшырды.
Учурда ишкананын тиешелүү жабдыктары алынып келинип, 2025-жылдын август айында ишке берүү мерчемделүүдө. Ал ишке кирсе күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштеттүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.