01 ноябрь 2024

Кароолор: 14

Жумгал:Миң-куш, Кең-Суу айыл аймагынын окуучуларына чакан автобустар алып берилди

Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Куш, Кең-Суу айылынын окуучуларын мектепке ташып жеткирүү үчүн райондун өнүктүрүү фондунан 4,5 миллион сомго 2 кичи автобус алып берилди.

Бүгүн, 1-ноябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун катышуусунда автоунаалар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кең-Суу айылында мектеп жок болгондуктан айылдын 30дан ашык окуучусу 15 чакырым алыстыктагы Табылгыты айылындагы И.Орозалиев атындагы орто мектепке барып келип окушат. Балдарды ташыган эски автоунаа тар жана муздак болгондуктан бир топ ыңгайсыздык жаратчу. Миң-Куш айылынын балдары дагы 3-4 чакырым алыстыкка жөө барып келип окушчу. Бүгүн ушул маселе чечилип, айыл тургундары кубанычтарын жашыра алышкан жок.

Бүгүнкү күндө Кең-Суу айылына жаңы мектеп курулуп жатат. Таза суу системасы киргизилүүдө. Белгилүү болгондой, өткөн жылы электр энергиясы киргизилген.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Кең-Суу айылына курулуп жаткан орто мектептин курулуш иши жай жүрүп жатканын белгилеп, иш ыргагын тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле жолун кырып, түздөп турууну тиешелүү кызматтарга милдеттендирди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.