16 январь 2025

Кароолор: 66

Жырткыч жаныбарлар 23 млн сомдон ашык чыгым алып келген

Нарын облусу боюнча жырткыч жаныбарлардын малга келтирилген чыгымы бир жыл ичинде 23 млн 139 миң сомду түздү. Алар уй, топоздон 64 баш, чоң жылкыдан 148 баш, тай - 220 баш жана 214 кой,эчкини жеп кеткен. 

Атайын түзүлгөн иш чарлардын негизинде жана мергенчилердин көмөгү менен облус боюнча жалпы 103 карышкыр, 1 бөлтүрүк, 181 чөө жок кылынды.