20 октябрь 2023

Кароолор: 528

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

Беккелдиев Жылдызбек Рысбекович


Кызматы  КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчи

Беккелдиев Жылдызбек Рысбекович

Беккелдиев Жылдызбек Рысбекович 1982-жылдын 7-майында Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. 

2002-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин инженер-мелиоратор адистиги боюнча аяктаган. 2004-жылы КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынан магистр даражасын алган. 

Эмгек жолун 2004-2008-жылдары Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүндө статист-экономист болуп иштөө менен баштаган. 

2008-2016-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, башкы адис, 2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында Региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, 2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында аппарат жетекчи, 2022-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу башкармалыгынын башчысы, 2023-жылдын 10-майынан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчи болуп эмгектенип келет. 

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси

Үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.