24 октябрь 2023

Кароолор: 26

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө Жобо


Кызматы  Кадрдык саясат

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН 

НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты (мындан ары – ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты) Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары – ыйгарым укуктуу өкүл) ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик орган болуп саналат.

2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актылары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.

3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү болот.

4. Аппараттын толук аталышы: 

– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты» мекемеси;

– расмий тилде: учреждение «Аппарат полномочного представителя Президента Кыргызской Республики в Нарынской области».

Юридикалык дареги: индекс 722600, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары Ленин көчөсү №76, e-mail: narynokmot@mail.ru.

 

 

2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги милдеттери жана функциялары

 

5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги милдеттери ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин уюштуруучулук, укуктук, эксперттик-аналитикалык, маалыматтык жана башка жактан камсыздоо болуп саналат.

6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты негизги милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү негизги функцияларды ишке ашырат:

1) облустун чегинде мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын аткарууну камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларынын   мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылышына системалуу түрдө мониторинг, талдоо жүргүзүү жана контролдоо;

3) облустун ресурстарын өстүрүүнүн туруктуу механизмдерин түзүү боюнча сунуштарды даярдоо менен облусту комплекстүү өнүктүрүүгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү;

4) ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер, эл аралык жана башка уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана камсыз кылуу;

5) ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана анын аппаратынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана облустагы иштин абалы тууралуу калкка маалымдоо;

6) ыйгарым укуктуу өкүлгө учурдагы проблемаларды жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун көрсөтүү менен облустагы иштин абалы боюнча тиешелүү маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларына ылайык жана аларды аткаруу максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйруктарынын жана тескемелеринин долбоорлорун иштеп чыгуу;

8) жарандарды кабыл алууну уюштуруу, жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароо, бул кайрылуулар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууну контролдоо, арыз ээлерине жоопторду даярдоо;

9) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө тиешелүү материалдарды даярдоо;

10) белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоого, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын, ошондой эле класстык чиндерди ыйгарууга материалдарды даярдоо;

11) ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу, ошондой эле жашырындуулук режимин сактоону жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон башка маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;

12) ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды мыйзамдардын чегинде аткаруу.

 

3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ыйгарым укуктары

 

7. Ушул Жободо каралган милдеттерге жетүү жана функцияларды аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) карамагындагы аймактагы мамлекеттик органдардан, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды жана материалдарды суроого;

2) ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;

3) ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө жана алардын ишин камсыз кылууга;

4) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө;

5) ыйгарым укуктуу өкүлдүн чечимдерин жана тапшырмаларын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

6) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кароо жана аткаруу үчүн тиешелүү тапшырмаларды, жарандардын кайрылууларын жана арыздарын жиберүүгө;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.

 

4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмү

 

8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

9. Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн орун басарларынын милдеттерин аныктайт жана өзүнүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет.

10. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.

11. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырат, милдеттерин аткарат жана жоопкерчилик тартат.

12. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналынын штатын белгиленген ченемдерге ылайык жана тиешелүү эмгек акы төлөө фондунун чегинде ыйгарым укуктуу өкүл түзөт.

 

5. Башка жоболор

 

13. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

14. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратын кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.