24 октябрь 2023

Кароолор: 21

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө ЖОБО


Кызматы  Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 15-июлундагы
ПЖ № 302 Жарлыгына)

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
ЖОБО

(КР Президентинин 2021-жылдын 26-августундагы ПЖ № 358 , 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) тиешелүү облустун чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан чыгуучу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуучу кызмат адамы болуп саналат.

2. Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттик кызматчы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өз демилгеси же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

3. Ыйгарым укуктуу өкүл түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына баш иет жана отчет берет.

4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү облустун башкы кызмат адамы болуп саналат.

5. Ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү облустун социалдык-экономикалык абалы жана ага тапшырылган иштин башка чөйрөлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдында жеке жоопкерчилик тартат.

6. Ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү аймакта мамлекеттик органдардын, анын ичинде атайын статусу бар мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат.

7. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери жана функциялары

8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- облустун аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууну камсыздоо;

- облустун аймагында мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын аткаруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо жана контролдоо;

- облустун аймагында мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын ишин координациялоо.

9. Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырууга, облустагы, анын ичинде райондордогу социалдык-экономикалык абалга жана коомдук-саясий кырдаалга комплекстүү мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

2) облустун аймагында мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларынын аткарылышын контролдоону уюштурат;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча облустун аймагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктерди чечүү үчүн макулдашуу жол-жоболорун жүргүзүүнү уюштурат;

4) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу, облустагы социалдык-экономикалык абал жана коомдук-саясий кырдаал маселелери боюнча маалыматты жана өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка маалыматтарды үзгүлтүксүз негизде берип турат, тиешелүү сунуштарды киргизет;

5) облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт;

6) облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өсүш темпин камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин жүргүзөт;

7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка актылары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясы

10. Ыйгарым укуктуу өкүл:

- укук коргоо органдарынын облустун аймагында укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча иштерин координациялайт;

- жогору турган мамлекеттик органдар менен мамилелерде тиешелүү аймактын атынан чыгат;

- эл аралык жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрөт;

- облустун экономикасына инвестицияларды тартат;

- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелердин жетекчилерин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу боюнча сунуштарды киргизет;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитилген штаттык сандын чегинде, эки жылда бир жолудан ашык эмес ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;

- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, анын ичинде өзгөчө статусу бар мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;

- өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;

- өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн тиешелүү облустун чегинде жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана кызмат адамдарынан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте сурайт жана алат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону бекитет;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын дайындоого жана ээлеген кызмат ордунан бошотууга сунуш киргизет;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басарларын дайындоодо жана кызмат ордунан бошотууда талапкерлерди макулдашат;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жана анын орун басарларына карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын мыйзамдарда белгиленген тартипте колдонот;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик сыйлыктарды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырат;

- Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө белгиленген тартипте өтүнүч берет;

- белгиленген тартипте өзүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле аппараттын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

- өзүнүн орун басарларынын милдеттерин аныктайт, аппараттын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;

- ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат;

- бекитилген чыгымдардын сметасынын чегинде финансы каражаттарын тескейт;

- жарандардын укуктарын коргоо боюнча иштерди, жарандардын арыздары жана кайрылуулары менен иш жүргүзөт;

- облустун аймагында зарыл болгон учурда коомдук, эксперттик-консультациялык кеңештерди жана ведомстволор аралык комиссияларды түзөт.

(КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

11. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызмат орундарында 5 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин тиешелүү чөйрөлөрүндө жетектөөчү иште кеминде 10 жыл тажрыйбасы бар адамдар ээлей алышат.

(КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

12. Төмөнкү адамдар ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалышы мүмкүн эмес:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) ушул Жобонун 11-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

4) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматта кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

5) мыйзамда белгиленген тартипте тындырылбаган соттуулугу бар.

(КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби

13. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ишеним жоголгон учурда;

3) ал кызыкчылыктардын кагылышынын тарабы болгондо, аны алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди өз убагында көрбөгөн учурда;

4) жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердикти жүргүзгөн учурда;

5) коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иш жүргүзгөн учурда (мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары);

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербегендиги же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтарды бергендиги үчүн;

7) чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашыргандыгы үчүн;

8) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;

9) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

10) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

11) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткен учурда;

12) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда.

14. Ыйгарым укуктуу өкүл жок учурда, анын ичинде анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу жок учурда анын милдеттерин биринчи орун басары аткарат, ал эми биринчи орун басары жок учурда милдеттерин аткаруу орун басарларынын бирине жүктөлөт.

6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары

15. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, анын ичинде бир биринчи орун басары болот.

(КР Президентинин 2021-жылдын 26-августундагы ПЖ № 358 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

16. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, анын ичинде биринчи орун басары ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

(КР Президентинин 2021-жылдын 26-августундагы ПЖ № 358 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

7. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты

17. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин камсыздоо үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты түзүлөт, анын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

8. Консультативдик-кеңешүүчү органдар

18. Маанилүү маселелерди кароо үчүн облустун турмушунун маанилүү маселелерин карай турган коллегиалдык жана кеңешүүчү органдар - коллегия жана Укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлөт.

19. Коллегиянын курамына ыйгарым укуктуу өкүл, анын орун басарлары жана ыйгарым укуктуу өкүл аныктоочу жана бекитүүчү мамлекеттик органдардын башка кызмат адамдары кирет.

20. Координациялык кеңештин жеке курамын ыйгарым укуктуу өкүл бекитет.

21. Коллегиянын жана Координациялык кеңештин чечимдери сунуштама мүнөзгө ээ болот.

22. Координациялык кеңештин иштөөсүнүн тартиби жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу өкүл бекитүүчү Координациялык кеңеш жөнүндө жобо менен регламенттелет.