03 июль 2025
Кароолор: 736
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Сапарбеков Руслан Жайлообекович

Кызматы КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары
Сапарбеков Руслан Жайлообекович 1990-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында туулган.
Билими жогорку. 2011-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин "менеджмент" адистиги боюнча бакалаврдык даражасын алган. Андан соң, 2011–2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында “менеджмент” адистиги боюнча магистратураны аяктаган. 2011–2014-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "юриспруденция" багыты боюнча да магистр даражасын алган.
Эмгек жолу 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүндө стажер болуу менен башталган. 2014-жылы Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунда угуучу болуп, андан кийин милиция кызматында эмгектенген.
2014–2015 – милиционер, Бишкек ШИИБ;
2015–2017 – нөөмөткердин жардамчысы, Транспорттогу ИИБ;
2017–2018 – инспектор, Транспорттогу ИИБ;
2018–2019 – тергөөчү, Транспорттогу ИИБ;
2019–2021 – ЖЖИБнын ыйгарым укуктуу адамы, Транспорттогу ИИБ;
2021 – кайрадан тергөөчү кызматын аркалаган.
2022-жылдын апрель айынан тартып мамлекеттик башкаруу тармагына өткөн:
04.2022 –09.2024 –Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын контролдоо бөлүмүндө, эксперт, инспектор, бөлүм башчынын орун басары кызматын аркалаган.
Класстык чен даражасы – Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси