03 июль 2025
Кароолор: 887
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Иманалиева Айдана Керимбековна

Кызматы КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
Иманалиева Айдана Керимбековна 1989-жылдын 27-январында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.
Билими жогорку. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясын 2012-жылы “юриспруденция” багыты боюнча ийгиликтүү аяктап, юрист кесибине ээ болгон. 2015–2016-жылдары Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясында магистратураны аяктаган. Андан кийин 2016–2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча экинчи магистрдик даражаны алган .
Эмгек жолу 2012-жылы адвокаттын жардамчысы катары башталган:
09.2012 – 10.2013 – адвокаттын жардамчысы,
10.2013 – 04.2017 – юрист-консульт, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын “Автотранспорттук бирикме” мамлекеттик ишканасы;
04.2017 – 02.2019 – адис, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы;
02.2019 – 10.2020 – башкы адис, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы;
10.2020 – 05.2021 – эксперт, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты;
05.2021 – 05.2024 –Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында эксперт, андан соң инспектор.
10.2024 – 11.2024 – консультант, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши;
11.2024 – азыркы учурга чейин –Панфилов райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары кызматын аркалап келген.
Кызматтык чени – Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.