31 март 2026

Кароолор: 953

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

Аскалиева Гүльзат Айтбаевна


Кызматы  КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчи

Аскалиева Гүльзат Айтбаевна 

1980-жылдын 24-сентябрында туулган. 2003-жылы Нарын мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун 2003-жылы Нарын мамлекеттик университетинин укук факультетинде окутуучу болуп баштаган. 2004–2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык факультетинде окутуучу болуп эмгектенген. 2005–2006-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин экономикалык факультетинде улук лаборант кызматын аркалаган.

2008–2015-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык колледжинде окутуучу болуп иштеген.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунда башкы адис болуп мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун баштаган жана бул кызматта 2019-жылга чейин иштеген.

2019–2020-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын Нарын району боюнча башкармалыгында башкы адис болуп иштеген. 2020–2022-жылдары Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Нарын облусундагы аппаратында контролдоо жана инспектордук иштер бөлүмүндө башкы адис кызматын аркалаган.

2022–2023-жылдары ошол эле аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген. 2023–2025-жылдары укуктук камсыздоо жана адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2025-жылы кайрадан башкы адис кызматында иштеп, 2025–2026-жылдары укуктук, документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган.

2026-жылдын 31-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси (орун басар рангында) кызматын аркалап келет.

Ал мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси болуп саналат. Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет. Эмгек ишмердүүлүгү үчүн 2018 жана 2021-жылдары Ардак грамоталар менен сыйланган.