31 март 2026
Кароолор: 44
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Мамбетова Жылдыз Асанкуловна
Кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
Мамбетова Жылдыз Асанкуловна 1980-жылдын 1-декабрында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында туулган. Кыргыз Республикасынын жараны, улуту кыргыз. Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.
1997–2002-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин юридика факультетин юрист адистиги боюнча аяктаган.
2010–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында окуп, мамлекеттик башкаруу факультетинин социалдык менеджмент адистиги боюнча магистр даражасын алган.
Эмгек жолун 2002-жылы «Суу-Дан» жоопкерчилиги чектелген коомунда юрист болуп баштаган. Ошол эле жылы Нарын облустук аскер комиссариатында альтернативалык жана учет бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы болуп иштеген.
2003–2006-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын юридикалык бөлүмүндө адис жана жетектөөчү адис кызматтарын аркалаган.
2006–2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймактык өкүлчүлүгүндө адис жана жетектөөчү адис болуп иштеген.
2014–2018-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары кызматын аркалаган.
2018–2024-жылдары мамлекеттик кадр системасында ишин улантып, түндүк аймактар аралык өкүлчүлүктө башкы адис болуп эмгектенген.
2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгында башкы адис болуп иштеген.
2024-жылдан 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.
2026-жылдын 31-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматында иштейт.
Кесиптик өнүгүү максатында бир катар семинарларга жана тренингдерге катышып, жалпысынан 28 сертификатка ээ болгон. 2016-жылы Кытай Эл Республикасынын Фуцзянь провинциясынын Фучжоу шаарында өткөн эл аралык семинарга, 2024-жылы Пекин шаарындагы жана 2025-жылы Россия Федерациясынын Москва жана Уфа шаарларындагы семинарларга катышкан.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, “Мамлекеттик кызматтын отличниги” төш белгиси, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын Ардак грамоталары менен сыйланган. Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу.