07 ноябрь 2023

Кароолор: 729

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн куттуктоолору

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Эргешовдун Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуусу

Урматтуу кыргыз элим, кадырлуу теңиртоолуктар!

7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.  Эгемен Кыргызстандын эли үчүн бул күндүн мааниси терең. Себеби кыргыз тарыхынын ар бир доорунда  Манас атабыз баштаган жүрөгүндө жалы бар кыргыз уулдары -  ата-бабаларыбыз  эл-жерибизди коргоп, мамлекеттүүлүгүбүз үчүн күрɵшүп, азыркы жаркын жашообузду бизге жеткиришкен.

Алардын бир мисалы катары 18-19-кылымдарда Нарын өрөөнүнөн чыккан Тайлак баатыр, Ормон хан, Ажыбек баатыр,  Эр Табылды, Мамаке-Шопок, Хан Шырдакбек, Байзак  баатырлардын эрдиктерин белгилесек болот.

Ал эми кыргыз тарыхынын акыркы жүз жылдыгын эле алсак, Үркүн окуясы,  Октябрь революциясы, Улуу Ата Мекендик согуш, Эгемендикти алгандан кийинки окуялар кыргыз элинин тагдырын, турмушун түп тамырынан бери өзгөрткөнү белгилүү.

Кыргыз элин жок болуп кетүү коркунучунан сактап калган 1917-жылдагы Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеӊишинде Таабалды Жукеев-Пудовкин сыяктуу кыргыз уулдарынын зор салымы болгондугун тарых тандырбайт.

Советтер союзунун мезгилиндеги Кыргыз республикасынын  түптөлүшүнө, өсүп-өнүгүшүнө  Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев, Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев сыяктуу залкар инсандарыбыз зор эмгек сиңиргени белгилүү.

Союз мезгилинде облусубуздун өнүгүшүнө салымын кошкон Матен Сыдыков, Корчубек Акназаров сыяктуу жетекчилердин эмгектери да азыркыга чейин эл оозунда айтылып келет.

Улуу Ата-Мекендик согуштагы Кыргызстандын генерал Панфилов жетектеп, курамы Дүйшөнкул Шопоков баштаган кыргыз аскерлер дивизиясынын Москваны коргоодогу эрдиктерин, Чолпонбай Түлөбердиевдин каармандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Улуу Ата Мекендик Согуштун 360 миңден ашык катышуучусунун жана алардын ичинде Теңир Тоодон чыккан Дайыр Асанов, Анварбек Чортеков сыяктуу  баатыр аталарыбыздын ысымы биз үчүн түбөлүк сыймык!

Бабалардын жолун басып, тарыхты улантып, чек арадагы эки жыл удаасы менен болгон кагылышууда Теңир Тоонун 6 азаматы: Эсентур Кубанычбеков, Апсамат Жекшенбеков, Бейкут Алмаз уулу, Нурсултан Жаныбеков, Мирлан Какеев жана Жеңишбек Илимбек уулу мекен үчүн, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн кырчындай өмүрлөрүн беришти.

Бүгүн биз кыргыз мамлекеттүүлүгү, кыргыз эли үчүн жанын курман кылган ата-бабаларыбызга, улуу инсандарыбызга, чек арачыларыбызга башыбызды ийип, түбɵлүк таазим кылабыз.

Алар түзүп берген жаркын жашообузду, эгемендигибизди, мамлекетибизди кɵздүн карегиндей сактап, кийинки урпактарга ɵткɵрүп берүүгɵ мидеттүүбүз!

Мамлекетибизди өнүктүрүүдөгү жаратман иштерибиз менен кыргыз тарыхына из калтыруу биздин ыйык парзыбыз!

Бабалардын руху колдоп, Эгемен Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

Терең урматым менен,
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов.