31 декабрь 2023

Кароолор: 470

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн куттуктоолору

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Эргешовдун жаңы жылдык куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу теңиртоолуктар! Сиздерди кирип келген жаңы 2024-жылыңыздар менен куттуктайм!

Касиеттүү Теңир Тоо жергесинде Сиздер менен дагы бир жылды тосуп алып жатканыма кубанычтамын.

Өтүп бара жаткан жыл Кыргызстандын, анын ичинде Нарын облусунун эли үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Өзүңүздөр билгендей, Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги менен өлкөбүздүн кайсы тармагын албайлы абдан масштабдуу жумуштар жасалды. Кыргызстан эгемендик алгандан бери акыркы 1-2 жылдагыдай иштер болгон эмес. Буга баарыбыз күбө болуудабыз.

Алсак, быйылкы жылы мамлекеттин бюджети дээрлик 2 эсеге өстү. Ал эми 2024-жылдын бюджетин 600 млрд 700 млн сомго көтөрүү пландалууда.

Мындай натыйжалар эл аралык уюмдардын дагы көңүлүн буруп, Кыргызстанды туруктуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына киргенин белгилешти.

Мамлекет тарабынан ирригация, курулуш, жол, энергетика тармактарына абдан көңүл бурулуп, көп жылдан бери эскирип турган мектептер, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, спорт объектилери, таза суу, административдик имараттардын курулуштары кызуу жүрүүдө.

Мамлекетте жасалып жаткан жумуштардын арасында – коомдогу аярлуу катмардын өкүлдөрү дагы унутулган жок. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү социалдык төлөмдөр 100 пайыздан 200 пайызга чейин көтөрүлдү. Эмгек маяналар 2-3 эсеге көбөйдү. Ошондой эле мамлекет тарабынан Транспорт, Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо министсрликтерине 10 млрд сомдук техникалар алынып берилди. Санай берсек мындай иштер арбын.

Быйылкы жыл Нарын облусу үчүн да жемиштүү жылдардан болду десем жаңылышпайм. 2023-жыл - Нарын облусунда экономикалык секирик жыл болсун деген аракет менен эки пилоттук долбоорду ишке ашырдык. Президентибиздин тапшырмасы менен республика боюнча биринчилерден болуп Нарын облусунда пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүлдү.

АТРдин натыйжасында 63 айыл аймагы бириктирилип, 27 ири айыл аймагы түзүлдү. 113 млн сом акча каражат үнөмдөөгө жетиштик. 27 айыл өкмөткө Президентибиз тарабынан Нива үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар жана 10 миллион сомдон каражат берилди. Бул каражаттарга айыл аймактарына техникалар алынууда. Ошондой эле үнөмдөлгөн 113 млн сом каражат 3 жылга айыл аймактарын өнүктүрүүгө калтырылып жатат. АТРдин жыйынтыгы менен жыл башында жергиликтүү бюджет 1 млрд сом болсо, бүгүнкү күндө 1,5 млрд.сомго жетти.

АТРге удаалаш Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен экинчи пилоттук долбоор ишке ашты. Бул долбоордун натыйжасында жайыттарды, ичүүчү, сугат сууларын пайдалануу жана тазалыкты башкаруу коомдук уюмдардан айылөкмөттөрүнө өткөрүлүп, тарифтер кайра каралды. Буга чейин бул тармактарды тейлөөгө коомдук уюмдар тарабынан 24 миллион сом жумшалган болсо, биз 110 миллион сом план коюп, ашыгы менен аткардык. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында 27 айыл аймагына 27 муниципалдык ишкана түзүлүүдө.

Өнөр жай тармагында өсүү темпи 112,6 % түздү.

Өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багытында 65 чакан ишкана ачылып, 730 жаңы жумушчу оруну түзүлдү.

Быйылкы жылы Нарын облусуна 23 млн доллар же 2 млрд сом түз чет элдик инвестиция тартылды.

Жумгал районунда, кɵмүрдү брекеттөөчү, көмүрдүн кубатын жогорулатуучу фабрика жана кубаттуулугу 300 мегаваттан 500 мегаваттка чейинки жылуулук электр станциясын (ТЭС) куруу пландалууда.

Кочкор районунун Кочкор айылындагы бут кийим чыгаруучу фабрика жандандырылып, 40 адам жумуш орду менен камсыз болду.

Өнөр жай тармагында “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, “Турук” көмүр кенинде быйыл биринчи жолу жалпы 20 миң тоннадан ашык көмүр өндүрүлдү. Мындан сырткары жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттык Куланак ГЭСин куруу иштери улантылууда. ГЭСтин ишке берилиши менен жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Ошондойэле 65 мегаваттык Куланак-2 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемеси иштеп чыгуу пландалууда. Айыл чарба жерлерин кошумча өздөштүрүү максатында мамлекет тарабынан өзү агып чыгуучу “Куланак” каналын курууга 414 миллион сом каралды. Куланак ГЭСинин ишке берилиши менен Куланак каналы дагы ишке берилет. Каналды ишке киргизүү менен 7200 гектар жерге суу жетип, 2212 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Облустун жана республиканын энергетикалык, экспорттук жана инвестициялык потенциалын жогорулатуу максатында “Датка-Кемин-Нарын-Торугарт-Кытай” 500 килловольттук ЛЭП долбоорун ишке ашыруу аракеттери жүрүп жатат.

Ат-Башы районунда 2024-жылы бондалык экономикалык аймакты ачабыз.

Ошондой эле күн, шамал, суу электр станцияларын куруу аракеттери колго алынды. 5 чакан ГЭСтин, 2 күн электр станциясынын жана 2 шамал электр станциясынын жерлери чечилип инвесторлорго берилди. Буюрса жанырган жыл ичинде курулуштары башталат.

Туризм тармагында былтыр 30 миң турист келсе, быйыл келген туристтердин саны 100 миңден ашты.

Мындан сырткары ирригация, жолдор, таза суу, курулуш тармактарында абдан чоң жумуштар башталды. Быйыл социалдык тармакта 5 мектеп, 2 бала бакча, 2 спорт зал ишке берилди.

Нарын шаарына “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 9 кабаттуу ипотекалык үйдун курулушу башталуу алдында турат. Нарын аэропорту капиталдык ремонттон өтүп жатат. Буюрса 2024-жылы ишке берилет. “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайынын инфраструктурасы жакшыртылды.

Быйылкы жылы алдыга койгон пландарыбыз абдан көп. Нарын шаарынын, Миң-Куш шаарчасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, саламаттыкты сактоо, социалдык тармактарга көңүл бурабыз. Жаңы жылыбыз жаңы башталыштардын, ийгиликтердин жылы болот деген үмүттөмүн.

Жаңы жыл мамлекетибиз үчүн, анын ичинде Нарын облусунун эли үчүн өнүгүүнүн, тынчтыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун! Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, аманчылык, бакубат жашоо каалайм!

Жаңы жылыңыздар менен!!!"