01 январь 2025
Кароолор: 13
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн куттуктоолору
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Эргешовдун жаңы жылдык куттуктоосу

Урматтуу теңиртоолуктар!
Сиздерди Жаны жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул майрам дайыма жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана келечекке, ишенимге үмүт тартуулайт. Узаган жыл биздин облус үчүн жемиштүү жылдардан болду. Алдыга койгон максаттарыбыздын маанилүү бир баскычы катары, облусту социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иштерибиз ийгиликтер менен коштолууда.
Биз экономикабыздын мүмкүнчүлүгүн күчөтүп, жаңы инвестицияларды тартуу менен бир нече долбоорлорду ишке ашырып, алга карай чоң кадам таштадык. Мунун аркасында ишкерлик чөйрөнү гана жакшыртып койбостон, жаңы жумушчу орундарын түздүк. Бул өз кезегинде биздин жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө болду десем жаңылышпайм.
Нарын облусундагы административдик-территориалдык реформалар жана пилоттук долбоорлордун натыйжасында, бардык багыттарда өсүштөр байкалууда. Өнөр жай тармагында, айыл чарба секторунда жана инфратүзүмдө жакшы жагына өзгөрүүлөр болуп жатат.
Нарын облусу айыл чарбасына ылайыктуу регион болгондуктан эт, сүт, бал, тоют, мөмө-жемиш кластерлерин түзүү боюнча иш-аракеттер көрүлүп, 1 млрд 75 миллион сомдук долбоорлор ишке ашырылууда.
Облустун энергетика тармагында да маанилүү долбоорлор ишке ашып, бир нече жаңы чакан ГЭСтердин курулушу башталды.
Президентибиздин колдоосу менен Нарын шаарында жана Кочкор районунда ипотекалык турак-үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Ошондой жакшы саамалыктардын катарында, Нарын аэропортунун курулушун атап кетсек болот.
Инвестиция тармагында анын ичинен эл аралык уюмдардан, ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан, жергиликтүү фонддордон жана облустук “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан жалпы 4,5 млрд сомдук жумуштар аткарылды.
Чет элдик инвестицияларды тартуу багытында «Эки өлкө, эки парк» долбоорунун жана «Нарын-Реновация» долбоорунун алкагында, «Нарын СЭЗ – Кашкар СЭЗ» индустриялык паркында өндүрүш ишканаларынын курулушу башталды. Анын алкагында Нарын шаарында “Тянь-Шань Сити” заманбап турак-жай комплексинин жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун имараттарына мезгил кутучасы салынды.
Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 2,7 млрд сомдук 14 мамлекеттик объект кайра кайтарылды.
Биз ошондой эле билим берүү тармагына да өзгөчө көңүл бөлүп, Нарын облусундагы мектептердин жана бала бакчалардын абалын жакшыртуудабыз. Жыйынтыгында Нарын облусу республикада үчүнчү орунду камсыздап, жаңы муундарды тарбиялоого шарт түзүлдү.
Мындан сырткары, аймакта заманбап технологиялардын колдонулушу дагы маанилүү ролду ойноп жатат. КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Нарын шаарынын коомдук жайларында акысыз Wi-Fi таркатылып, «Смарт - Нарын - 24» долбоору ишке ашууда.
Албетте, бизде алдыда аткарыла турган көп иштер бар. Облусубузду өнүктүрүүнү, социалдык жана экономикалык абалын жакшыртууну, ар бир тургундун жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аракеттерди уланта беребиз.
Урматтуу теңиртоолуктар, Жаңы жылда сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубат турмушту каалайбыз! Жаңы жыл облус үчүн жаңы идеялар жана жетишкендиктерге толуп, чоң ийгиликтерди жана жеңиштерди алып келсин. Биз бирге болсок, алдыга койгон максаттарыбызды жана жаңы бийиктиктерди багындыра алабыз.
Жаңы жылыңыздар менен!