09 май 2024

Кароолор: 384

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн куттуктоолору

Ыйгарым укуктуу өкүл А.Эргешовдун 9-Май - Улуу Жеңиш майрамына куттуктоосу:

"Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Кадырлуу теңиртоолуктар!

Жолдош офицерлер, прапорщиктер, сержанттар!

Сиздерди бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрɵгүмдɵн куттуктайм!

9-Май - аталардын тɵгүлгɵн каны, энелердин кɵз жашы акталган ыйык күн!

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери - жеңүүчүлөрдүн жана жаратмандардын мууну! Эрдиктин, кайраттуулуктун бийик үлгүсү.

Алар дүйнөнүн тарыхындагы эң катаал согушта өлүмгө тике карап, душмандар менен салгылашып, оорукта күн-түн эмгектенип, Улуу Жеңишти алып келишкен! Биз үчүн жана кийинки урпактар үчүн эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартуулашкан!

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миӊден ашык мекендештерибиз катышса, Нарын облусунан 19237 адам согушка аттанып, 8104 жоокер гана аман кайткан. Ал эми 11133 адам согуштан кайткан эмес.

Тилекке каршы ардагерлерибиздин катары суюлуп олтуруп, бүгүнкү күндө согуштан кайткан 8 миңден ашык ардагерлерибиздин экөө гана арабызда бар. Алар Ат-Башы районунун тургундары Керимкулов Тапа жана Жапаров Сатынды аталарыбыз. Ал эми миңдеген оорук ардагерлеринен 12 гана адам калды. Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын көрүү бактысы буюрган ардагерлерибизге бекем ден соолук, аманчылык, бакубат жашоо каалайм!

Тарыхка кылчайсак, кыргыз жоокерлери согуштун биринчи күнүнөн эле баатырларча кармашып, эрдиктерди көрсөтө башташкан. Кыргызстандын жоокер комиссары, генерал-майор И.В.Панфилов жетектеп, курамы Дүйшөнкул Шопоков баштаган кыргыз аскерлеринен турган 316-аткычтар дивизиясынын Москваны коргоодогу эрдиктерин, Чолпонбай Түлөбердиевдин душмандын дзотун көкүрөгү менен тосуп, башкаларды сактап калган каармандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Улуу Ата Мекендик Согуштун ондогон Баатырларынын ичинде Теңир Тоодон чыккан Дайыр Асанов, Анварбек Чортеков сыяктуу аталарыбыздын ысымы бар. Биз алар менен түбөлүк сыймыктанабыз!

Согуш майданында курман болгон жоокер аталарыбыздын жана андан кийин көзү өткөн бардык ардагерлерибиздин ысымдары Улуу Жеӊиштин даӊктуу таржымалында түбɵлүккɵ жазылып калды. Алардын жасаган эрдиги жана ысымдары эч качан унутулбайт!

Аталар баскан изди басып, кечээ эле, 2021-2022-жылдары удаасы менен болгон чек ара жаңжалында кыргыз элин, жерин душмандардан коргоп жатып Теңир Тоонун эр жүрөк уулдары: Кубанычбеков Эсентур, Жаныбеков Нурсултан, Жекшенбеков Апсамат, Алмаз уулу Бейкут, Какеев Мирлан, Иманбек уулу Жеңишбек баштаган чек арачыларыбыз өмүрүнөн айрылышты... Мекенибиз үчүн курман болгон бардык чек арачыларыбыздын жаркын элесине башымды ийип таазим кылам... Алардын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө жашайт!

Урматтуу Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн каарман жоокерлери, жолдош сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер!

Сиздер жеңишчил, жаратман муундун салттарын татыктуу улантып, тынчтыктын, коопсуздуктун сакчылыгында бекем тураарыңыздарга терең ишенебиз! Ѳлкɵбүздɵ ар дайым тынчтык болуп, асманыбыз ачык болсун! Эч качан согуш болбосун!

Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктаймын!"