06 октябрь 2023
Кароолор: 514
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн куттуктоолору
Ыйгарым укуктуу өкүл А.К.Эргешовдун Карылар күнүнө куттуктоосу

Калкыбыздын кадырман карыларын
1-октябрь улгайган адамдардын күнү менен куттуктайм!
Сɵз кадырын билген кɵсɵм кыргыз элинде «карысы бардын-ырысы бар» деген накыл кептер бекеринен айтылбаган. Себеби ар бир доордун, мезгилдин улуу мууну ɵздɵрүнүн турмуштан алган бай тажрыйбасы, акыл топтому, кɵрɵгɵчтүгү, наабаттуу кеби, нарктуу жүрүм-туруму менен аксакал аталып, артындагы жаш муунга ɵрнɵк болуп берген.
Бүгүнкү биздин заманыбызда дагы жаштыгын, билимин, эмгегин коомдун ар кыл тармактарын ɵнүктүрүүгɵ арнап, ɵлкɵбүздүн, элибиздин тиреги болгон аксакал аталарыбыз, ак саамай апаларыбыз бар экени биз үчүн сыймык.
Урматтуу аксакал аталар, ак элечек апалар! Сиздердин ак батаңыздар, акыл насаатыңыздар менен элибиздин келечегине даӊгыр жол ачылат деген ишеничтемин!
Сиздерге бекем ден соолук, узун ɵмүр, үй-бүлɵлүк бакубат жашоо, дөөлөттүү карылык каалайм! Ар бир үйдɵ тɵрдүн кɵркү, үйдүн куту аксакал аталарыбыз, ак саамай апаларыбыз бар болсун!
Терең урматым менен,
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов.