06 октябрь 2023

Кароолор: 434

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн куттуктоолору

Ыйгарым укуктуу өкүл А.К.Эргешовдун мугалимдер күнүнө куттуктоосу

Ардактуу мугалимдер!

Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу ойчулдардын “дүйнөнү бир китеп, бир калем, бир бала жана бир мугалим өзгөртө алат",-деп айтканы бар. Демек дүйнөнү өзгөртө ала турган дарамети бар мугалимдик кесипти аркалоо чоң жоопкерчилик жана сыймык.

Мугалим - педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билген көрөгөчтүгү, балдарга болгон чексиз сүйүүсү, байоо дүйнөсү менен кадыр-баркка ээ болгон улуу инсан.

Бүгүнкү күндө педагогдорго келечектин билимдүү, ыймандуу, акыл-эстүү, улуттук нарк-насилибизди боюна сиңирген жана жаңы технологияларды, көп тилдерди өздөштүргөн күчтүү инсандарын окутуп-тарбиялоо милдети жүктөлгөн. Сиздер ушул зор милдетиңиздерди татыктуу аркалап, изденүү менен иш алып барып, жакынкы келечекте билим берүүнүн сапатын көтөрүп бересиздер деген ишеничтемин.

Бул үчүн билим берүү тармагына Президентибиздин колдоосу менен мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүүдө.

Урматтуу кесип ээлери! Өлкөбүздун жаркын келечеги сиздердин колуңуздарда!

Сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана түйшүктүү ишиңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Терең урматым менен,

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов.