07 ноябрь 2023
Кароолор: 459
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн куттуктоолору
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Басма сөз жана маалымат кызматкерлерине куттуктоосу

Урматтуу басма сөз жана маалымат кызматкерлери!
Кымбаттуу журналисттер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Артка кылчайсак, 1924-жылдын 7-ноябрында алгачкы кыргыз гезити – «Эркин Тоонун» биринчи саны жарык көргөн. Ал эми илим менен техника өнүккөн бүгүнкү коомубузда биздин өлкөбүздө жүздөгөн гезиттер жана сайттар, ондогон теле жана радио компаниялар, маалымат агенттиктери, полиграфия ишканалары иштейт. Акыркы кездерде социалдык медиа абдан өнүгүп, ар түрдүү социалдык тармактардагы баракчалар маалымат булагына айланып калганы белгилүү.
Бүгүнкү өнүккөн коомубуздагы маалымат айдыңынын чексиздигин жана сөз эркиндигин жоопкерчилик менен колдонуп, элге калыс жана объективдүү маалымат жеткирүү үчүн калемгерлерибизге күчтүү кесипкөйлүк жана темирдей бекем эрк керек.
Кесипкөй журналисттерибиздин чеберчилиги менен даярдалган материалдар коомдогу көйгөйлүү маселелердин чечилишине, эл мүдɵɵсүнүн орундалышына, акыйкаттыктын болушуна, улуттар аралык ынтымактын бекемделишине түрткү берип, мамлекеттин саясатын калктын калыӊ катмарына жеткирүүдɵ кɵпүрɵ болуп келет. Өлкɵбүздүн, облусубуздун ɵнүгүшүндɵ журналисттердин кошкон салымы зор!
Жооптуу, креативдүү жана сыймыктуу кесипти аркалап жүргɵн кесип ээлерине чыӊ ден соолук, узун ɵмүр, бакубат жашоо, ишиңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
Терең урматым менен,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов.