10 ноябрь 2023

Кароолор: 328

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн куттуктоолору

Ыйгарым укуктуу өкүлдун Жаштар күнүнө куттуктоосу

Урматтуу келечек ээлери! Биздин жаш муун!

Сиздерди бүгүнкү Жаштар күнү менен  куттуктайм!

Жаштар коомдо зор күч экени талашсыз. Жаштардын деми, үмүт-тилектери, ой-максаттары, энергиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, келечектен көптү үмүттөндүрөт.

Кыргызстандын, анын ичинде Теңир Тоонун өсүп келе жаткан жаш муундары арасында билими, таланты, спорттогу жетишкендиктери менен дүйнөнү дүңгүрөткөн уул-кыздарыбыз бар экени сыймыктандырат!

«Эгерде бир мамлекеттин келечегин кɵргүӊ келсе, анда анын бүгүнкү жаштарын кара» деген накыл кеп бар. Бүгүнкү күнү жаштарыбызга кандай кɵӊүл бɵлсɵк, кандай шарттарды түзүп берсек, канча инвестиция жумшасак эртеӊки күнү анын жемишин алаарыбыз анык.

Биз жаштар демилгелеген аракеттерди дайыма колдойбуз жана урматтайбыз! Биздин облусубузда билимдүү, намыскɵй, аракетчил, демилгелүү жаштар кɵп. Биз сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз!

Жаштарыбызга бекем ден соолук, узун өмүр, жаркын келечек каалайм!

Терең урматым менен, 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов.