30 январь 2024

Кароолор: 425

Жарандар менен байланыш

2023-жылы жарандардан 869 арыз-даттануу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппараты тарабынан, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби” жѳнүндѳгү Мыйзамынын талаптарын сактоо жана аткаруу  багытында жарандардын арыз даттанууларын, кайрылууларын, кѳйгѳйлүү маселелерин чечүүдѳ бир катар иштер аткарылууда.

Жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү, алардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү, жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө мүмкүн болуучу практикалык жардамдарды көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы “Коомдук кабылдамалар жөнүндө Жобо тууралуу” №197 тескемесин ишке ашыруу максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратында жана бардык жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Коомдук кабылдамалар уюштурулуп иштеп жатат.

2023-жылдын 12 айында жалпы 869 арыз, даттануулар жана оозеки кайрылуулар келген. Жазуу түрүндө 508, райондор боюнча алсак, Ак-Талаа району-20, Ат-Башы району-43, Жумгал району-39, Кочкор району-71, Нарын району-72, Нарын шаары-241, облустан тышкары-22. Оозеки кайрылуу-328, электрондук кайрылуу-2, “ишеним телефон” тутуму боюнча-1, “Биринчи кабылдама” радиосу аркылуу-30 жаран кайрылган. Мунун ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан 233, райондор боюнча алсак, Ак-Талаа 12, Ат-Башы району 25, Жумгал району 26, Кочкор району 53, Нарын району 29, Нарын шаары 73, облустан тышкары-15.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен-1.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 234си чечилип, 9 жарым-жартылай чечилип, 625не түшүндүрүлгөн, аткарууда-1.

            Жазуу түрүндөгү катталган 508 кайрылуулардын мүнөзү боюнча алсак:

-социалдык жана материалдык жардам сурагандар- 188,

-ипотека, турак жай жана жер участокторун бөлүп берүү, 

жер пайдалануу маселелери боюнча-128,

-айыл чарба, сугат, жайыт маселелери боюнча-56

-автожолдорду ондоо, ирригация боюнча-32,

-ишкердик маселелер, кредит боюнча-20, 

-туризм тармагы боюнча- 19, 

-ар кандай маселелер боюнча-65. 

2023-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлү жана анын орун басарларынын жеке кабыл алуусунда-328жаран болгон. Мунун ичинен: чечилгени -95, түшүндүрүлгѳнү-233.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык ар аптанын бейшемби күнү түз байланышка чыгып жаткан Кыргыз радиосунун “Биринчи кабылдама”  радио уктуруусунда облустун аймактарынан  берилген ооз эки кайрылууларына ѳз убагында оперативдүү түрдѳ маалыматтар берилип  турат.Ар бир кайрылган жарандын кайрылуулары райондук мамлекеттик администрациялардын тиешелүү кызматкерлеринин жана айыл өкмөттөрүнүн көзөмөлүндө турат.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан жарандардын кайрылууларынын ѳз убагында аткарылышына кѳзѳмѳлдүктү күчѳтүү боюнча талап коюп, аткаруучулук тартипти чындоонун чаралары кѳрүлүүдѳ.