16 июль 2024
Кароолор: 451
Жарандар менен байланыш
2024-жылдын 6 айында 420 жаран арыз, даттануулар менен кайрылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби” жөнүндөгү Мыйзамынын талаптарын сактоо жана аткаруу багытындагы жарандардын арыз даттанууларын, кайрылууларын, көйгөйлүү маселелерин чечүүдө бир катар иштер аткарылып жатат.
2024-жылдын 6 айында жалпы- 420 арыз, даттануулар жана оозеки кайрылуулар келген. Мунун ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан-135, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинен-1, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан-1, электрондук кайрылуу-1, “Кыргыз почтасы” ишканасы аркылуу-1, коомдук кабылдама аркылуу жазуу түрүндө-93, оозеки кайрылуу-188 (оозеки кайрылуу боюнча чечилгени-18, түшүндүрүлгөнү-170.
Келген жазуу түрүндөгү - 232 жарандардын кайрылуулары көзөмөлгө алынып, өз убагында жооптор берилди. Чечилгени-67, жарым жартылай чечилгени-2, түшүндүрүлгөнү-162, кароодон баш тартылган арыз-1.
Жарандардан жазуу түрүндө келген арыз, даттануулардын мүнөзү боюнча:
-жетекчилердин ишиндеги кемчиликтери боюнча-11(4,7%)
-социалдык маселелер жана материалдык жардам сурагандар-82(35,3%)
-ипотека, турак жай жана жер участокторун бөлүп берүү, жер пайдалануу маселелери боюнча-57(24,6%);
-айыл чарба, сугат, жайыт маселелери боюнча-42(18,1%);
-автожолдорду ондоо, ирригация боюнча-5(2,2%);
-ишкердик маселелер, кредит боюнча-6(2,6%);
-туризм тармагы боюнча-2(0,9%);
-ар кандай маселелер боюнча-27(11,6%)
Жалпы:232(100%)
Негизинен, турак жай, жер маселеси, турак жайларын мыйзамдаштыруу маселелери жана материалдык жардам сурап кайрылган жарандар басымдуулук кылат.
Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратындагы жана райондук мамлекеттик администрациялардагы жана Нарын шаардык мэриясындагы Коомдук кабылдамалар видео көзөмөл жабдуулары толук кандуу иштеп жаткандыгы боюнча күн сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат берилип жатат.
Электрондук kattar.kg интернет-порталы аркылуу 2024-жылдын 7-февралында Нарын шаарынын Ленин көчөсү № 121/6 үйүнүн тургуну Б.Акматбекова көп кабаттуу квартирада жашагандыктан, кошунасынын баласы тынчтык бербей жаткандыгы боюнча кайрылган. Кайрылуу боюнча Нарын шаардык мэриясынын адистери жана Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан комиссия жеринде барып, кайрылуу ээсине жана Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн №121/8 үйүнүн тургуну кошунасы Канатбек кызы Фаридага түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Ишеним телефонуна” 2024-жылдын 6 айында 2 жаран кайрылган.
1. Нарын шаарынын тургуну (эркек адам) Нарын шаардык мамлекеттик нотариалдык кенсесинде кезек күткөн адамдардын саны 50-60. Түнкү саат төрттөн бери олтурушкандыгы жана жарандардын узун кезеги боюнча маселени чечип берүүнү суранган. Бул боюнча кайрылуу ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 2024-жылдын 21-февралында № 01-03/96 каты менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кошумча дагы 2 мамлекеттик нотариустун штаттык бирдигин киргизүүнү карап чыгып, маселени чечүү жагын өтүүнү менен кат жолдонгон. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен 2024- жылдын 4-мартынан баштап Нарын шаардык мамлекеттик нотариалдык кенсесине үчүнчү мамлекеттик нотариус Кулманбетова Кайыркүл Касырбековна дайындалган. Бүгүнкү күндө Нарын шаардык мамлекеттик нотариалдык кенсесинде үч мамлекеттик нотариус толук эмгектенип, жарандарды кабыл алып келишүүдө.
2. Ат-Башы районунун Босого жайлоосуна өтүүчү автожолдун абалы начар болууда, эч кандай жолду түздөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, автоунаалардын бул жолдо жүрүүсү мүмкүн болбой калгандыгы боюнча кайрылган.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына жана Жол чарба департаментинин Нарын облустук №2 аймактык бөлүмүнө тез арада белгиленген автожолду ондоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди. (01-17/2436 03.07.24)
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык ар аптанын бейшемби күнү түз байланышка чыгып жаткан “Биринчи кабылдама” радио уктуруусуна 6 ай ичинде облустун аймактарынан 15 жаран кайрылып, берилген ооз эки кайрылуулар көзөмөлгө алынып, ѳз убагында оперативдүү түрдѳ маалыматтар берилди. Ат-Башы району-2, Жумгал району-1, Кочкор району- 4, Нарын району7, Нарын шаары-1.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан жарандардын кайрылууларынын ѳз убагында аткарылышына кѳзѳмѳлдүктү күчѳтүү боюнча талап коюп, аткаруучулук тартипти чындоонун чаралары кѳрүлүүдѳ.