21 январь 2025
Кароолор: 20
Жарандар менен байланыш
2024-жылы 894 кайрылуулар келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби” жөнүндөгү Мыйзамынын талаптарын сактоо жана аткаруу багытындагы жарандардын арыз даттанууларын, кайрылууларын, көйгөйлүү маселелерин чечүүдө бир катар иштер аткарылууда. Жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү, алардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү, жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө мүмкүн болуучу практикалык жардамдарды көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы “Коомдук кабылдамалар жөнүндө Жобо тууралуу” №197 тескемесин ишке ашыруу максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратында жана бардык жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Коомдук кабылдамалар уюштурулуп иштеп жатат. 2024-жылда жалпы - 894 арыз, даттануулар жана оозеки кайрылуулар келген. Жазуу түрүндө-496 райондор боюнча алсак, Ак-Талаа району-19, Ат-Башы району-56, Жумгал району-40, Кочкор району-78, Нарын району-65, Нарын шаары-217, облустан тышкары-21. Мунун ичинен Кыргыз Республикасынын министрликтеринен-2, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан-7, электрондук kattar.kg интернет-порталы аркылуу-7, narynokmot электрондук дареги аркылуу-1, “Кыргыз почтасы” ишканасы аркылуу-3, оозеки кайрылуу-343, “ишеним телефон” тутуму боюнча-2, “Биринчи кабылдама” радиосу аркылуу-53 жаран кайрылган. Келип түшкөн кайрылуулардын чечилгени-266, жарым-жартылай чечилгени-5, түшүндүрүлгөнү-615, кароодон баш тартылганы арыз-3, кароосуз калтырылганы-1, аткарууда- 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан-272 кайрылуулар келген. Райондор боюнча алсак, Ак-Талаа-16, Ат-Башы району-37, Жумгал району-25, Кочкор району-70, Нарын району 29, Нарын шаары-74, облустан тышкары-21. Жазуу түрүндөгү катталган 496 кайрылуулардын мүнөзү боюнча алсак:
- жетекчилердин ишиндеги кемчиликтери боюнча-17(3,4%)
- социалдык маселелер жана материалдык жардам сурагандар-214(43,1%)
- ипотека, турак жай, курулуш жана жер участокторун бөлүп берүү, жер пайдалануу маселелери боюнча-95(19,2%);
- айыл чарба, сугат, жайыт маселелери боюнча-67(13,6%)
- автожол,көпүрөлөрдү ондоо, ирригация боюнча-14(2,8%)
- ишкердик маселелер, кредит боюнча-15(3,0%)
- туризм тармагы боюнча-5(1,0%)
- электр энергия, көмүр-5(1,0%)
- ар кандай маселелер боюнча-64(12,9%)
Жалпы: 496 (100%)
Негизинен, турак жай, жер маселеси, турак жайларын мыйзамдаштыруу маселелери жана материалдык жардам сурап кайрылган жарандар басымдуулук кылат. Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратындагы жана райондук мамлекеттик администрциялардагы жана Нарын шаардык мэриясындагы Коомдук кабылдамалар видео көзөмөл жабдуулары толук кандуу иштеп жатат. Электрондук kattar.kg интернет-порталы аркылуу 2024-жыл ичинде 7 электрондук кайрылуу келип, өз убагында кайрылуу ээлерине жооптор берилди. Ат-Башы району-1, Жумгал району-1, Кочкор району-1, Нарын шаары-4. “Ишеним телефонуна” 2024-жыл ичинде 2 жаран кайрылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык ар аптанын бейшемби күнү түз байланышка чыгып жаткан “Биринчи кабылдама” радио уктуруусунда жарандардан эфир аркылуу жыл ичинде 53 жаран кайрылып, арыз-даттануулары боюнча ыкчам иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле аталган мыйзам, тескемелердин аткарылышын камсыз кылууну, жарандардын жеке маселе боюнча кабыл алууну туруктуу жүргүзүү, жарандардын кайрылууларында көп кездешкен маселелери боюнча көйгөйлөрдү жеринде чечүү, ыкчам аракеттерди көрүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилип, аткарылышы көзөмөлгө алынууда.